Окутуучулар үчүн 3 күндүк тренинг уюштурулду

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү” – долбоорунун 3 күндүк офлайн форматындагы тренинги болуп өттү.
Аталган тренингди окуу жайдын ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин атайын чакыруу катынын негизинде Бишкек шаарынан келген мыкты тренерлер, география илимдеринин кандидаты, доцент Джунушалиева Калиман Кеңешбековна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гулмира Шамканова окутуучулар үчүн абдан пайдалуу жана зарыл болгон усулдарды, ыкмаларды жана көндүмдөрдү пайдаланып, кызыктуу тренинг өтүп беришти.
КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай Эргешович, эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна тренингдин өтүшүнө жакындан колдоо көрсөтүп, өздөрү дагы активдүү катышып, жалпы катышуучуларга жана тренерлерге ыраазычылыктарын билдирип, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалашты.
Тренингде КӨЭАУнун башкаруу админстрациясы, факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана бирикме жетекчилери активдүү катышты.