Батыралы Сыдыковдун айкелин ачуу аземи болду

Батыралы Сыдыковдун айкелин ачуу аземи болду
Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун эл аралык форумунун ачылышынын алдында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратынын короосуна орнотулган мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Сыдыковдун айкелин ачуу аземи уюштурулду.
Салтанатка КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, Кыргызстан менен Өзбекстандын Билим берүү жана илим министрлеринин орун басарлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлору, КР Эл баатыры А.Жумагулов баштаган Б.Сыдыковдун замандаштары, үй-бүлөсү, туугандары катышты.
Аземде сүйлөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана маркумдун замандаштары кыргыз-өзбек элинин бир туугандык мамилесин тереңдетүү багытындагы Б.Сыдыковдун эмгеги, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы өлкөбүздөгү реформалардын ийгиликтүү жүрүшүнө, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык карым-катыштын эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кенен айтышты.
Эскерте кетсек, 2021-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине мамлекеттик жана коомдук ишмер Б. Сыдыковдун аты берилген.