Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде аутизм спектриндеги балдарды окутууга багытталган 40 күндүк теориялык жана практикалык тренингдер расмий түрдө башталды.

АКШдан келген эксперт-тьютор аутизм темасында лекция жана практикалык сабак өтүп, катышуучулар менен тажрыйба бөлүштү.
Бүгүнкү семинарга жалпы 38 адам катышты. Алардын ичинде 15 окутуучу, 17 ата-эне жана 6 бала болду.
📢 Тренингдерге катышууга кызыкдар жарандарды чакырабыз!
📅 Күндөрү: Дүйшөмбүдөн жумага чейин
🕘 Убактысы: саат 09:00дөн 12:00гө чейин
📍 Дареги: Ош шаары, Г. Айтиев көчөсү, 27 (Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети)
Уюштуруучу: Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Уларкан Акматова.
📞 Байланыш телефону: 0703 02 67 63Возможно, это изображение один или несколько человек и помост