2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун II турунун жыйынтыгы менен университеттин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча талапкерлер окууга сунушталды.
22-июль саат 17:00гө чейин «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу окууга болгон макулдугуңузду сөзсүз тастыктаңыз. Белгиленген мөөнөттө макулдугун тастыктабаган талапкерлердин орду кийинки турдагы абитуриенттерге сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, кабыл алуу өнөктүгү «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Бош орундар калган учурда 17–21-август күндөрү кошумча кабыл алуу өткөрүлөт.



