Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистранттарына кош диплом тапшырылды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистранттарына кош диплом тапшырылды
Бүгүн, 14-сентябрь күнү Д.Ф. Устинов атындагы “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов, эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Киреев Олег Леонидович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту. Коноктор окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негезинде 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында “ВОЕНМЕХ” Балтика мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде магистратурада окуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө кош диплом тапшырылды. Кош диплом берүү окуу жайдын тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Ушундай саамалыкты ишке ашырууда эки окуу жайдын биргелешип жүргүзүп жаткан иштерине шарт түзүп, тыгыз иш алып баргандыгы үчүн Д.Ф. Устинов атындагы “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Ивановго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Сөз кезегинде бул иштин баштоочусу катары окуу жайдын мурунку ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Д.Ф. Устинов атындагы “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети биргеликте 1+1, 2+2 билим берүү программасын толук кандуу ишке ашырып, кош диплом берилип баштаганы өзгөчө саамалык экенин белгилеп, эки окуу жайдын кызматташуусу мындан нары дагы бекемделе берсин деген каалоосун билдирди.
Эскерте кетсек Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Россия, Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү болуп эсептелет.
Анын негизинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин техникалык багытта билим алып жаткан студенттери 1+1, 2+2 программасынын алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул иш аракеттер окуу жайдын эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүп, ишке ашырылып келет.