Султан Раевге КӨЭАУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Султан Раевге КӨЭАУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ТЮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевге Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, проректорлор, декандар, окутуучулар катышты.
Султан Раев буга чейин КӨЭАУ менен ТЮРКСОЙдун ортосунда көптөгөн иш чаралар өткөндүгүн айтып, Эл аралык окуу жайдан “Ардактуу наам” алып жатканы үчүн жалпы жамаатка ыраазычылыгын билдирип, биргеликте эл аралык иш чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча ойлорун ортого салды.
КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Кыргыз эл жазуучу, драматург Султан Раевдин жасаган эмгектерине токтолуп, окуу жайдын жамааты ар тараптуу кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди.