Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кабыл алуунун II туру жыйынтыкталды

2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун II турунун жыйынтыгы менен университеттин жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча талапкерлер окууга сунушталды.
📌 Окууга сунушталган абитуриенттердин көңүлүнө!
22-июль саат 17:00гө чейин «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу окууга болгон макулдугуңузду сөзсүз тастыктаңыз. Белгиленген мөөнөттө макулдугун тастыктабаган талапкерлердин орду кийинки турдагы абитуриенттерге сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, кабыл алуу өнөктүгү «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
📅 Кийинки тандоо турларынын графиги:
🔹 III тур – 27-июль
🔹 IV тур – 3-август
🔹 V тур – 10-август
Бош орундар калган учурда 17–21-август күндөрү кошумча кабыл алуу өткөрүлөт.
📷Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение учеба и текстВозможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текстВозможно, это изображение учеба и текст