Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Чынгызбек Мамажакып уулу жана Тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Шахноза Мырзакаримова Бишкек шаарында өткөн KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрүнүн жыйынына катышышты.
Иш-чара Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттиги — KOICA тарабынан уюштурулуп, билим берүү, эл аралык кызматташтык жана кадрларды даярдоо багыттарындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө арналды.
Жыйындын алкагында Чынгызбек Мамажакып уулу KOICAнын Кыргыз Республикасындагы башкы кеңсесинин жетекчиси Лим Со Ён менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле ал Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КӨЭАУда Корея тил борборун ачуу демилгеси көтөрүлүп, тараптар бул багыттагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Алдын ала макулдашууларга ылайык, 2026-жылдын сентябрь айында Корея Республикасынан волонтер адис келип, университетте корей тилин окутуу жана маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча иш алып бармакчы.
Мындан тышкары, жакынкы мезгилде KOICA агенттигинин өкүлдөрүнүн университетке расмий сапары күтүлүүдө. Бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
