Елабуга институтунун директору конокто

Елабуга институтунун директору конокто
Казань федералдык университетинин Елабуга институтунун директору Мерзон Елена Ефимовна кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен жакындан таанышып кетти.
Елена Ефимовнаны окуу жайдын эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева тосуп алып, КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Алтынбек Зулпукаровдун кабыл алуусунда болушту.
Андан соң университеттин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып чыгышты. Буга чейин эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде КӨЭАУнун окутуучулары Елабуга институтуна барып, конок лекцияларды өтүп, билим берүү ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып келишкен.