Россиянын 3 окуу жайы менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлду

Россиянын 3 окуу жайы менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлду
Бүгүн, ОшМУнун базасында Кыргыз-Россия жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтүп жатат. Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунан 100гө жакын ректорлор катышууда.
Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана ЕАЭБ бирдиктүү билим берүү процессин түзүү болуп саналат.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети аталган Форумдун алкагында Россия Федерациясынын Башкир мамлекеттик педагогикалык, Түштүк-Урал мамлекеттик, Москва педагогикалык мамлекеттик университеттери менен эки тараптуу келишимдерге кол койду. КӨЭАУнун жетекчилиги аталган окуу жайлардын өкүлдөрү менен студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.