КӨЭАУнун окумуштуулары Самара шаарында

2023-жылдын 14-18-март күндөрү Орусиянын Самара мамлекеттик социалдык педагогикалык университетинде КӨЭАУнун окумуштуулары Н.Д.Тилекова, Р.В.Алиевалар тажрыйба алмашуу максатында квалификациясын жогорулатып келишти. Андан сырткары Тарых-филология факультетинин деканы катары Н.Д.Тилекова жогорудагы аты аталган окуу жайдын факультеттери менен таанышып, эки окуу жайдын кызматтык келишимдеринин алкагында ички келишимдерди түзүштү.
Буга улай эле Р.В.Алиева жетектеген орус филологиясы кафедрасы менен СМСПУнун 2 кафедрасы ички кызматтык келишимдерин түзгөнгө жетишти.
Иш сапардын алкагында биздин окуу жайдын окутуучулары аталган окуу жайдын окуу- материалдык базасы менен таанышышты.
Филологиялык факультетте өткөрүлгөн иш-чараларга, семинар-тренингдерге, тегерек столго катышышты. Андан сырткары Самара шаарынын тарыхый жайларына, музейлерине экскурсияга чыгышты.
Аталган иш сапары КӨЭАУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жетекчилик тарабынан колдоого алынды.