Эки тараптуу кызматташуу уланууда

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Оруссиянын Самара шаарындагы Самара мамлекеттик социалдык-педагогикалык университетинин 2021-жылдын 11-майында түзүлгөн кызматташуу жөнүндөгү келишиминин алкагында тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к, доцент Н.Д. Тилекова, орус филология кафедранын башчысы, ф.и.к., доцент Р.В.Алиева 2023-жылдын 14-18-март күңдөрү 4 күндүк иш сапар менен тажрыйба алмашуу максатында жогоруда аты аталган окуу жайга барып келишти.
15-март күнү СМСПУнун ректору, доцент С.Ю.Бакулина Н.Д.Тилекова менен Р.В.Алиеваны жылуу кабыл алды.
Иш сапардын программасы менен кенен тааныштырып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууга ынтызарлыгын билдирүү менен, айрыкча филологиялык, педагогикалык багыттагы маселелерге өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Программанын алкагында доцент С.Ю.Бакулина эки окуу жайдын кызматташтык келишиминин негизинде тарых-филология факультети менен СМСПУнун 3 факультетинин(филологиялык, тарых, чет тилдер) кызматташтык келишимдерин түзүүнү сунуштады жана ийгилик каалады.
Тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова 4 күндүк иш-сапар жемиштүү болгонун баса белгилеп, бул үчүн окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевге, эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор Аида Балтабаевага ыраазычылыгын билдирди.