Түркиянын Ван оданына Памирден көчүп барып отурукташкан кыргыздардын ханы Рахманкулдун урпактары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.

Конокторду “ТҮРКСОЙДОГУ” Кыргыз Республикасынын өкүлү, профессор Канат Мамбеталиев жетектеп келди. Келген делегациянын катарын Рахманкул хандын алтымыш алты жаштагы уулу, Мухаммад кары Кутлу жана небереси, кыргыз-түрк коомунун төрагасы, Стамбул мэриясынын кызматкери Абдулметин Кескин толуктады.
Алыстан келген боордош конокторду университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда тарыхий мекенине келген коноктор жылуу маанайда кабыл алган университеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Кыргыз-түрк уюмунун төрагасы Абдулметин Кескин табигый кырсыктан жабыркаган Түркиянын жарандарына кыргыз эли алгачкылардан болуп кол сунгандыгы үчүн алкыш айтып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу университеттин эл аралык байланыштар жана инвестиция бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жолугушуу учурунда филология илимдеринин доктору, түрколог Кадыралы Конкобаев кыргыз элинин тарыхы, маданияты тууралуу кенен маалымат бергенге жетишти.