КӨЭАУнун ректору, профессор Ч. Райымбаев баштаган делегация Анкара шаарында жайгашкан Туркиянын белгилүү университеттеринде болушту.

23-25-март, 2023-жыл
Эл аралык байланыштарды, билим берүү чөйрөсүндөгү интегрецияны күчөтүү максатында КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган делегация Анкара шаарында жайгашкан Туркиянын белгилүү университеттеринде болушту.
1.Анкара социалдык билимдер университети,
2.Анкара Йылдырым Баязид университети,
3.Анкара Хаджи Байрам университети.
Аталган университеттердин ректорлору, жамааты менен жылуу кабыл алып, келечектеги пландар талкууланды. Окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, кош диплом берүү, илимий, усулдук иштерди жүргүзүү маселелери каралды. Жыйынтыгында аталган иштер боюнча келишим түзүп, реалдуу иштерге жол ачуу боюнча макулдашылды.