Туркия.Анкара 23.03.2023-ж

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган делегацияны ТЮРКСОЙдун генералдык катчысы Султан Раев кабыл алды.
Султан Раев буга чейин КӨЭАУ менен ТЮРКСОЙдун ортосунда өткөргөн эл аралык иш чараларга ыраазычылыгын билдирип, алдыдагы иш пландарына токтолду.
Мындан сырткары улут аралык достукту бекемдеген университет катары түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин, маданиятын жана илимин даңазалаган эл аралык иш чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча планы иштелип чыкты.